Саламатсыздарбы. Аноним.
Менин сурайын дегеним азыр балдар кыздыкка өтө маани береби же адашкан болсоң, туура түшүнүп, кабыл алабы? Мен да бир адамга алдандым. Бирок бул нерсеге өкүнүп, Кудайымдан жалбарып кечирим сурап жатам. Өтө чоң күнөө, зынаа кылганымды түшүнүп турам. Бирок турмушка чыгарда болочок жолдошум ак эмессиң деп кабыл албай коёбу деп корком. Же көзүн жумуп, сүйүп үйлөнсөк дагы, кийин ушул теманы чукуп, ачуу үстүндө ата-энем, бир туугандарымдын бетине койсочу деп корком. Мурда ойлонуш керек эле ж.б деп негатив жазбаныздар, Кудайым ушул нерсени башыма салыш керек болгон окшойт. Жашоомду ары карай улабаска аргам жок. Болгону ой санаа жеп, кыжаалатмын. Тиктирип, күйөөмдү алдап, жашоомду жалгандан баштагым келбейт. Же мүмкүн бул чындыкты өзүм гана ичиме катып, тиктирип, бактылуу жашоо, жаңы барактан баштасамбы...Админ сураныч чыгарып бересизби😭🙏 көпчүлүктүн кенешине муктажмын


Отправить комментарий