Турмушка чыккандан бери кайнене менен тил табыша албай келем.
Эң башы боюмда болуп токсикоз болгондо башталган, торогучо токточу эмес, (токсикоз болгондор түшүнөт) тамакты кыйнап эле жеп салбайсынбы деп жаман көрчү, аябай кыйналчумун. Ошондо да жатып албай кызмат кылчумун. Азыр шүгүр 2 балабыз бар. Небересин менден кызганат Жаңы кийим алсам да , айтор жаңы бир нерсе алсам да жактырбай, сүйлөбөй коёт. Же өзү алып бербейт, айла жок керектуу нерсени өзүм алдырам Күйөөм жакшы, бирок кечке жумушта. Кайнене менен 24саат чогумун. Кайненеге эле тийгендеймин. Ушундай тажап кетем , нерв болгондо бүт денем калчылдап сразу ыйлайм. Болунолу десем жалгыз бала. Ажырашуу оюма келип жатат, 2 бала менен кандай болот деп ойлонуп кетем, бирок сабырым түгөнүп баратат. Болгону 22 жаштамын. Өнүккум келет. Балдар деп жүрүп өзүбүздү унутуп койгондойбуз. Кенеш бериңиздерчи.


Отправить комментарий