Билбеймин, эмне менен сөз баштап, эмне менен бүтүрүүнү.
Азыр аябай түшүнүксүз абалда турамын. Жолдошум менен 1корушуп эле ала качып кеткен. Ошентсе да эл сөзү деп, жолдошум менен 10жыл түтүн булатып, 1кыз 1уулдуу болдук. Бирок, экөөбүз тең бири бирибизге көңүл коё албай койдук. Бул 10жыл ичинде, үй кылам деп балдарымды энелерине таштап, жолдошум менен бирге, чет жерлерде акча таап жүрдүм. Бирок, эч эле алдына жылбай койдук, тапкан эмгегибиз ырахатын кайын журт көрүп келди. Өткөн жылы, жолдошум менен келишпей, жообум берип Москвага мени таштап келе берген болчу.Арадан 1,5жыл өтүп мен да келдим. Келгениме 2ай болсо да, эч бири артыман сурап келбеди. Эми баламды убактынча энесине таштап, кызымды алып Россияга кетемин деп чечтим эле. Бирок, кайненеге атам "Келбединер" десе, үйгө келген экен. Ата энем "Көөнүн болбосо да, жашай бер да"деп койбой жатышат. Өзүм, каалабаймын аны менен жашаганды. Өзү болсо чалбайт да, жазбайт да. 10жыл жашап 1ооз жылуу сөз да уккан эмесмин. Аябай көңүлүм калган. Эмне кылсам? Кенеш бериниздерчи сураныч!!!


Отправить комментарий