алакачуу

Жолдошум бизге конул бурбайт, мен озумду жалгыз сезип анан...



 Саламатсызбы! Мени бул группадагы эжелерден кенеш сурайын дедим эле...

 Турмушка чыккам 2 кызым бар, кудайга шүгүр. Жолдошум менен 2 ай эле сүйлөшүп тийгем. Турмушка чыкканыма 5 жыл болду жолдошум таакыр көңүл бурбайт, ( айтышыныздар мумкун "бизде деле ошол көрүнүш деп" ) . Кыздарыма да көңүл бурбайт. Жумуш, телефон, уйку, бош күндөрү рыбалка менен өтөт. Тапкан акчасын өзүнө жумшайт. ( кийинет, машынасына). 5 жыл чогуу жашап 1 жолу шарф алып берген😪. Өзүмдү аябай жалгыз сезем. Ушундай тажадым үй-бүлөө болгум келет, үй кызматкери эмес... Кайненем жакында "сени айла жоктон эле алганбыз деп" жүрөктү оорутуп... жашагым келбей жатат ... ажырашып кетсем эмне болот? Кыздарымды өзүм багып кетээриме көзүм жетет... өзүмдүн кудайга шугур жогорку билимим бар көчөдө калбайм... Же чыдап жашайынбы?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?