Саламатсыздарбы. Мен ичимдеги көйгөйүм менен бөлүшөюн дедим.
Айымдар эр бермек жан бермек деген сөз бар. Мен 1-күйөөм өзүмөн кичүү болчу аябай жоош адам анан болгону бир пожарныйда өрт өчүрүүчү болуп кыйратпаган айлык алчу. Кайнежемдер да жашообузга кирише берип акыры 1 кыз 1 уулду болгондо чыдабай ажырашып кеттик. Сөздүн кыскасы күйөөмдү сүйөм да тоготподум, себеби машинасы жок же жарытылуу кийим алып бербейт эле. Ошентип Россияга кетип калдым. Оюн күлкү шаан шөкөт болуп жүрүп арадан кантип 2 жыл өткөнү мага билинбеди. Акыры оюн күлкүдөн да жадайт экен адам. Жолдошум менен жарашып кайра жашоону чечтим. Кыргызстанга кайтууну көздөп акча чогултуп жүрсөм. Бир классташ кызым чалып уктунбу күйөөң үйлөнүп аялынын 4 айлык боюнда бар экен деди. Ишенбедим өз көзүм менен көрөм деп Кыргызстанга келдим баарын өз көзүм менен көрдүм.
Даже жаңжал кылып кызымды жетелеп кайненемдин үйүнө да бардым. Ичимен кызгануу сезими мени өрттөп атты айла жок тоготпой кеткен өзүммүн. Ызы чуу чыгарып ыйлаган бойдон кала бердим. Андан бери 6 жыл өттү күйөөмдү соц тармактардан көрүп турам. Аялы катарынан 3 уул төрөп берди, күйөөм иштеген жеринде азыр начальник болуптур тойлорго ээрчишип баргандарын көрүп жиним келет. 1 жума мурда күндөшүмө инстаграмдан канчык семьямды бузуп бактылуу болом дедиң беле. Эмне күйөөң мага тынбай жазып чалып турат деп экөөнү уруштуруп койдум. Эми за клевету семьябызды бузам деп аракет кылганын учун сотко берем деп жазып ийиптир. Чын эле жазса мага сот иши козголобу бирок мен гражданка Россиямын. Просто антип жазмак эмесмин эмнеге күйөөм бактылуу жашаш керек, мен страдать этишим керек деп жиним келип күндөшүмдү канчык деп жазып салыпмын.


Отправить комментарий