Саламатсыздарбы кенеш сурайын дедим эле
Жашым жыйырмада азырынча турмушка чыгайын деген деле оюм жоок. Бирок кыз болгондон кийин барар жер күйөө да. Мени ойлондурган нерсе менин кыялым кабагым ачылбайт, бат жиним келет майда нерселерге эле кыжырым келе берет мисалы жанымдагы киши сууну катуу жутат, чон кишилер чайды шорулдатып ичет, мону тетигни жерге коюп келчи деген нерсени туура эмес жерге коюп койсо да жиним келе баштайт. Ушул боюнча күйөөгө тийип кетсем эч кимди жыргатпайм го. Оңолоюн , сабырдуу ,шайыр болоюн дейм эч майнап чыкпайт. Баягы эле ошол Эми эмне кылам . Кантип өзгөрөм?


Отправить комментарий