алданып

Тундо адашып балдызымдын устуно бутум коюп уктап, ал болсо...



 Саламатсызбы менин катымды дагы чыгарып бериңизчи.

 Анда сөз башынан болсун. Өзүмдүн эле балдызым бар, аты сыр бойдон калсын. Жыл сайын Көлдүн сезону башталганда, жайында Чолпон-Атада үй-бүлөм менен барып иштеп калам. Балдызым болсо студент, 4 курсту бүтүп биз менен жашайт. Ал да акча табайын деп бул жакка келип калган. Жашаган жерибиз бир бөлмөлүү квартира, баарыбыз ошондо жатабыз, тамак-аш башка жалпы ашканада жасалат.


Аялым менен балдызым окшош футболка, шорталарды кийип жүрүшчү. Ошол күндөрдүн бир кечинде мен кечирээк келдим. Балдызды ойготуп албайын деп светти күйгүзбөй терезенин жарыгынан аялымды шыкаалап таанып уктап калгам. Эртең менен бирөө ойготконунан көзүмдү ачсам аялым башымда турат. Бутумду балдызга асып алыптырмын. Ордуман атып турдум. Аялым болсо менден шек санай карап “эмнеге сиңдимин койнуна жатасың”-деп сыртка алып чыгып алып теримди тескери сыйрыды. Чындыкты айтып карганып жатып араң бастым.

 Бирок балдызым менен чогуу чай иче албай уялдым. Байкуш балдызым деле менден уялып, салмагы сайдын ташындай болгон чала жуулган бутумду түртуп салбай жата берген окшойт. Ошентип көпкө уялышып бет келе албай жүрдүк. Кийин турмушка чыгып кыздуу болгондо тыңып алсын деп аялым алып келди. Ошондо илгерки окуяны айтып алып көпкө күлдүк. Балдызым “Жезде бутуңуздун оорун айпаңыз, дем ала албай тер кетип аран жаттым. Тандын атышы кыйын болду. Ары жатыңыз деп айтайын деп уялып айта албай койгом”-дейт. Биз ошол окуяга балдызым турмушка чыккыча уялышып жургөнбүз, азыркылар эле уяттын чегинен чыгып кетип жатышпайбы.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?