алакачуу

Көрө албастыгым күчөп жатат, кайнимди кой кайтарып жүргөндө...



 Саламатсызбы эже ? Мен ой бөлүшөйүн дегем . 

Мен үйдө чоң келинмин ,кайним үйлөндү аз эле болду . Келинибиз өтө деле байдын кызы эмес бирок бардык шарты бар ,өзү үчүн жашаган адамдардын кызы экен (душ ,автомат машина ,плесос кыскасы ушул сыяктуу )ошондой шартта чоңойгон кыз . Бирок бай эмес мындай эле адамдар . Жаш болсо да көп нерсеге жетишип жетишиптир (товар мн иштейт ,тез окуу ,смм, английский ,програмирование ушул сыяктуу ,өзүнүн үстүнөн иштеп окуп жүрөт экен азыр да окуйт тигүү боюнча . Кайним жөнөкөй билими деле жок . Экөө сүйүшүп жүрүп үйлөнүштү эми бир көргөндө жактырышып калып . Тамакты укмуш жасайт бардыгына кабагым кашым дебейт хоп макул деп турат . Таң калам ,таптаза тыкылдаган оронот крч кыйын . Күйөөсүнө бийлеп берет танец живота .Массажды да сонун жасайт экен .Кайненем айтат жасап бериптир кайын атама да .Кээде чын эле коро албайм .Кайненемде кыз жок 3 уул . Көйнөк ич кийим ,крем шампун эч нерсе аябайт.Аябай ачык бирок бетке айта берет . Мени жеңелеп турат.Кайненем менен сүйлөшүп калса кызгана берем . Мен окууну бүтүп эле тийген күйөмдүн жумушу бар машинасы бар . Кайнимде эч нерсе жок . Кантип тийген деп ойлоном . Кайнимди кой кайтарып жүргөндө көрүп жактырып калган экен авысыным . Көрө албастыгым күчөп жатат .

Отправить комментарий

1 Комментарии

Скачать?