Саламатсыздарбы. Менин көйгөйүм баягы эле кайын журт маселеси.
Кайын сиңдим менен кайнежем тажатты экөө тең токтолуп калган куракта ажырашып келе беришет. Ата-энесине барышпай биздин үйгө келишет балдарын жетелеп алып, башка бир туугандары жолотпойт аларды. Даже кайнатам жаман көрөт мезгил алмашкан сайын кыздарым келип кеткениңер жаман жорук деп. Бүттү ажыраштым деп келишет ии макул келгиле бираз жашап тургула деп киргизебиз үйгө . Өзүбүз менин агамдын үйүндө жашайбыз,төркүнүм келбейт такыр жолдошум не удобно болбосун деп . Анан эле кетишет кайра күйөөлөрүнө жашайбыз деп. Келгенде мышык болуп келишет да мени менин Ата-энемди жамандап кетишет экен батырбай койду деп .
Айла жок күйөөлөрүбүз менен жашайбызда деп мага одолжения кылышат. Кайненемда кыздарына акыл айтпай келсе күйөө балдарын каргай берет, жашап калса балам балам деп калат. Анан эле келин жаман болуп чыга келем сен кабак кашынды бүткөдүң анан кыздарым кеттип КАЛЫШТЫ да дей берет. Берки 4 баласынын үйүнө батса барышмакда. Же кайненем өзүнүн үйүнө апкетпейт . Анан мени жаман көрө берет. Жолдошум карындашы менен эжесинен көңүлү калды. Келдим ажырашып десе аа канча күнгө келдиң деп коёт. Ушу кыздар ажырашуу бул оюнчук эмес да ажырашсанар квартал сайын келип кетпей бир ойлонуп бир эле жолу кеткидей болгулада. Кадыр баркыңарды кетирбей. Же болбосо чыдап жашаш керек.


Отправить комментарий