алакачуу

Эркекти тошоктон зериктирбеш керек, мен аркандай кылып тозуп берем...



 Аял – бул эркек үчүн өмүрү жандырылбаган чоң табышмак. 

Аял шыктануунун, ырахат алуунун булагы. Аялдар үчүн канчалаган согуштар ачылган, тынчтык орногон. Аял - жаңы жашоонун башаты. Аял – эркек үчүн сезимдик ырахат тартуулоочу булак, баш тартууга мүмкүн эмес болгон баңгизат.

Аялдын сексуалдуулугу деген эмне? Кандай аял сексуалдуу?
Эркек аялдан карама-каршы нерселерди каалайт. Бир жагынан, аял секстен ырахат алып, төшөктө тапкыч болуп, эркекти зериктирбеши керек. Ошондой эле, эркек аялдан жашоодо дагы сексуалдуу болушун күтөт, жарашыктуу, табит менен кийинүүсүн, жүрүм-туруму көздүн жоосун алып турушун эңсейт. Экинчи жагынан, эркек өзү тандаган аялдын биринчи жана жалгыз эркеги болууну самайт. Башка эркектерди азгырбаган, аруу айымды көрүүнү каалайт.

Аялдын сексуалдуулугунун маңызын түшүнүү эркектер үчүн гана эмес аялдын өзү үчүн дагы татаал нерсе. Эркектер "Аял эмнени каалайт?" деген суроону көп беришет, анткени аялдын табиятын, анын сексуалдуулугун түшүнө албайт. Мисалы, Орто кылымдарда "жез кемпирлерге" болгон аңчылык кеңири тараган көрүнүш болгон. Эркектер аялдын сулуулугун, сезимталдыгын түшүнө алышкан эмес, сулуу аял эркектин башын айлантып, азгырган, андай аялдын бир нече эркеги болгон жана аны эркектер кабыл ала алышкан эмес, бул сыяктуу аялды бузулган, "жамандыкты чакыруучу коркунуч" катары эсептеп, жок кылышкан.

Кыздык белгиси бар айымдарга үйлөнүү салтына да ушул нерсе тиешелүү. Эркек, башка эркек менен жатпаган, өз денесинен ырахат албаган, тек гана күйөөсүн кумарга батырган кызга баш кошушу керек. Булардын баары эркектин өзүнө болгон ишениминин жоктугунан жана аялына ырахат тартуулаганды билбегендиктен келип чыккан деп ойлойм.
Аялдын оргазмы – бул физиологиялык гана эмес, психологиялык дагы көрүнүш. Эркек менен кошулганда толугу менен ачылуу үчүн аял алгач өзүнөн ырахат алышы керек. Аял өз тулку боюн жактырышы керек. Анын денеси чексиз ырахат тартуулоочу булак экенин түшүнүшү керек. Муну аңдап билип, кабыл алуу үчүн аял болгону жакшы косметика, кам көрүүчү каражаттар менен өзүн эркелетип, өзүнө кам көргөндөн ырахат алышы кажет. Күзгүдөн аял өзүн кийимчен же жылаңач карап тургандан ырахат алышы керек. Аял денесине крем сүртүүдөн, кооз ич кийим кийүүдөн, тамактануудан, укалоого же спага баруудан ырахат алышы керек.

Өзүңдүн каалоолоруңан коркуунун кереги жок. Курбуларым, коомчулук, эл, ата-энем эмне дейт деген ой менен чүнчүп жашай берүүнүн маңызы жок. Жөн гана ырахат алып жашаңыз! Эркектердин суктануусунан, алар менен болгон төшөк кумарынан ырахат алыңыз. Өзүн баалаган жана сүйгөн аял катары эркелөөдөн, өзүңө кам көрүүдөн баш тартпаңыз. Эркекке кантип жагынууну эмес, өзүңүз ырахат ала тургандай болууну ойлонуңуз. Сырткы көрүнүшүңүз менен гана эмес, бүтүндөй оюңуз менен, ички дүйнөңүз менен сексуалдуу болууга аракет кылыңыз.

Аялдын денеси – чексиз ырахаттын булагы. Биз бул жаатта эркектерден караганда уникалдуубуз. Биз, аялдар, жөнөкөй өбүшүүдөн, денебизге тийген жеңил дем алуудан, билегибизден сылаган колдордон, алкымыбызды искөөдөн, алтургай фантазияларыбыздан же түштөрүбүздөн дагы ырахат ала алабыз. Сексуалдуу аял – бул өзүнөн канааттанган, өзүн сүйгөн, башкалардын көз карашынан эркин аял. Сексуалдуу болуу, демек – эркин болуу, көз карандысыз болуу, өзүңө ишенимдүү болуу. Так ушундай аял болуңуз. Анткени биз Кудай жараткан ыйык жандарбыз.
Отправить комментарий

2 Комментарии

  1. Анонимный25.1.23

    Эрин тормос екенда торогончо кошулса болот квартирада элдер болсо мейманкана толтура бир жумада бир баргыла

    ОтветитьУдалить
  2. Анонимный25.1.23

    Блиин мага келчи секиртип коеун

    ОтветитьУдалить
Скачать?