ажырашуу

Баламды айылга атасына жиберсем, балам чалып атам уйлонуп алыптыр деп...



 Салам админ менин катымды чыгарып беринизчи аноним кылып🙏. 

Менин 3 балам бар ажырашкам 3 жыл болду. Күйөөмө менен жашап жүрүп көп кыйналдым чон уулум инвалит 2-уулуму айына жетпей төрөп 2ай жашап чарчап калды. Андан кийин 1 кыз 1 уулдуу болдук, үй жай кылып бутка турганда кайнимдин кайненемдин жаңжалынан эки жолго түштүк. Көзүмдү жумуп балдарымы таштап Орусияга барып иштеп 2 бөлмөлүү батир алдым, балдарыма тынбай акча кийим салып турдум. Эми биротоло мекенге келип балдарымды карап өз арабамды тартууга бел байлагам. Кызымды беришпей койду. 

2-уулумду каникулга жөнөттүм чоң атасы сагындым дегенинен. Балама жетип алдыңбы деп чалсам «апа келбей эле койбопмун атам аял алыптыр" деп көз жаш кылып атат Аны угуп каңырыгым түтөп ичим тызылдап атат. Кайненем балдарыңды бербейм керек болсо өгөй апасын апа дедиртем, сен отура бер инвалит балаң менен сени ит да албайт дейт. Өзү кайненем бакшы тынбай кара дуба окуйт сүрөттөр мазардын топурагы менен. Балдарымды да окуп мага тескери кылып бербей коёбу деп корком. Кеңеш бергилечи.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?