Турмуштамын балдарым бар,жашоом деле Кудайга шугур жакшы,
Турмушка чыккандан бери уйдомун,балдар менен.Моюнума алам акыркы жылдары озумо жакшы карабай койдум,балдарды катар катар торогонгобу, куйоом бирок жакшы эле жургон,жумушка барып убагында келип,эч ашыкча эч жака барбайт,дайыма жанымда.Мен болсо жанымда болгонуна суйунуп журо бериптирмин.Жанымда жургону менен ою башкада экен,биро менен телефон аркылуу суйлошуп журуптур корсо,ал кыз жакшынакай деле эмес,или мага ошондой корунду.Бирок каш кирпик жасаткан, бойонуп жургон кыз экен,уруштук талаштык,жолукпагам,жанынан корбогом деп актанды.Сени эле суйом эмне десен айтканынды кылайын,иши кылса толтура убадаларды берди.Биринчи жолкусу болгон учун айласыз кечирдим,балдарым кичинекей анын устуно,анан уйдо жата бердим андан бетер кыйналдым,акыры бир кун туруп балдарымды куйоомо таштап салонго бардым,чачымды жасаттым,кирпик улаттым,каш бойоттум,кеч келдим уйго.Куйоом болсо бир башкача карайт тим эле,сулуу болуп кетипсин деп,
озумун да самооценкам которулуп озумду жакшынакай сезип калдым,эртеси куну гул, ич кийим, которуп келиптир.Демек куйоомо ушундай жасалма аял жагат турбайбы деп калдым,бирок озумо деле жакты ушинтип сулуу болуп жургон.Бирок бир нерсе журогумду эзип бутту,булардын баары куноо деген нерсе,даарат гусул отпойт деп,коргон тааныштарым деле бири соонун болуп калыпсын дешсе,бири эмне мындай кылдын куноо да,кирпигинден суу отпой калат да дешип,аябай башым катып турган кези.Куйоомо жагыш учун жасадым десем куйоон эмне Кудайдан да ойдо турабы не дешет,кенеш бериниздер эмне кылайын,башым катты,уйдо отурсан ушинтип ар кимдин оюна карап калат экенсин,мурда ким эмне десе да баарибир болчу бойдок кезимде,айтканымдан кайтпаган кыз элем.


Отправить комментарий