Саламатсыздарбы. Кеңешиңиздерге аябай муктажмын.
Турмушта болгом жашым 22 де кудайга шүгүр 1 кызым бар. 1 жыл мурун Астанага иштегени кеткем иштеген жерде бир бала менен таанышып сүйлөшүп жүрүп калдык. Ата-энеси баары чогу турашат алар болуп 1 хозяйканын колунда иштедик. Турмушка чыкканымды кызым бар экенин баарын билишчү. Ата-энеси ак батасын берген, бири бирибизди каттуу жакшы көрүп калып чогу жашадык 7 ай. Менин Ата-энем билчү эмес . Үйлөнүп нике кыйып алалы деп көп айтчу мен бирааз иштеп алайын деп жүргөм .. каттуу кызганычтын айынан эки жакка кеттик. Азыр мен Кыргызстандамын боюмда бар экен , жалгыз бала болчу Ата энеси небере күтүп жүргөн каттуу.
Акыркы жолу каттуу урушуп калып мен кетип калгам Кыргызстанга Апасы жоолук салып алып калайын деген мен ойлонуп бирааз эс алып келейин деп кетип калдым. Эми телефон чалсам телефонду көтөрбөйт Апасы да жаман көрүп калыптыр. Эмне кылаарымды билбей олтурам. Кеңеш бериниздерчи суранам. Мен өзүмдүн Апама араң айттым боюмда бар деп. Жүрөгү ооруп ойлонуп жаман болуп жүрөт. Жигитиме чалган Апам үйлөнөм деген оюңда барбы деп . Бар деп айтты бирок мен менен сүйлөшпөй жатат. Апам 10-чейин кел да никеңди кыйдырып алып кет деп айтса хорошо келем дептир. Кеңеш бериңиздерчи эмне кылсам? Кандай кылам бирок мен сүйлөшө элекмин чалсам жооп бербейт


Отправить комментарий