алданып

Куйоомо ишенип айлыгымды берип жатам, кийин ал мени...



Кенеш берип койунуздар башым катты. 

Мен 27 жаштамын күйөөгө тийгениме 7 жыл болду. Күйөөм чечкиндуу эмес. Үйдө кайнатам кайненем кичине нерсе болсо да бар атан менен апанды чакырып кел кет жөнө дей берет. Аялын начар муну кылды муну кылбады деп кечке чейин күйөөмдүн мээсин жешет. 1 жолу эжемдин үйүнө барып 1 кун жатып келсем кайнатам үйдү кулучтөп кет кирбейсин деп балам менен кууп чыкты. 7 жыл ичинде көп кетип келип жүрөм. Күйөөм ата-энесине эч нерсе дей албайт .Качан мен кетип калган дан кийин артымдан бара берет жашайм деп. Жакында дагы ошентип кеттим мен жарашпайм эми болду деп кайын журтума айтпай 2 баламды апама таштап Москвага келдим иштегени. 

Күйөөм артымдан келип кечирим сурап жашайм мен сенин күйөөнмүн жообуңду берген эмесмин бербейм дагы деп келип алып дагы жараштым. Иштеген айлыгымды алат апама 5000 р салдырат. Андан артык жөнөттүрбөйт. Үй салабыз атама акчаларды салабыз деп тапканыбыздын баарын салып жатат. Мен күйөөмө ишенип дагы жарашып иштеген айлыгымды баарын берип жүрөм апам ал жакта балдарымды карап кыйналып отурат. Мени ойлонткон маселе эртен Кыргызстанга барганда кийин ата-энеси кет деп кууса күйөөм ун чыкпай карап туруп берсе эмне кылам деген ой мени жеп бүттү. Бадарым үчүн тырышып жашап келем. Сиздер ден кенеш кутөм 3 4 жыл балдарымды көрбөй ден соолуктан айрылып иштеп апамды кыйнап бала каратып эртен балдарым менен көчөдө каламбы. Жашасамбы же кеч боло электе жыйыштырып койуп озум үчүн иштеп үй алсамбы деп ойлоном кенеш берип койунуздар.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?