Саламатсыздарбы,атым анонимдүү болсун.
Менин үч уулум бар, беш айдан бери кайнсиндим турмушубузга кирише берип, мени төркүнүмө айдашты. Ошентип жүрүп, кайынсиңдим ооруп калып, кайтыш болуп кетти. Анан мени алып келди кайнагам, жаман иштер болуп кетти эми жакшы жашоону улап, жакшы күндөр келсин деп жашагыла деп. Мен балдарым үчүн баарына макул болуп келдим. Эми мени күнөөлөп жатышат сенин атыңдан өлдү кызым дешип. Сенде күнөө жокбу дешинер мүмкүн, бирок үндөбөй жүргөн сайын келинсин дешип басмырлап бүтүштү. Эмне кылсам, бир отоло кетип жыйнап салсамбы? Жолдошум да мени күнөөлүү кылып отурат. Ичимден сыгылып бүттүм. Ар нерсени ойлоно берип,бирөөсү бир жакшы сөз сүйлөбөсө эмне кереги бар жашап деп ойлонуп отурам. Совет бериниздерчи!


Отправить комментарий