Ассалому алейкум аноним кылып чыгарып берип коюнчу.
Мен бул группаны көп окуймун көбүнчөсү кайнене праблемасы. Мендада ошол башында болбогон турмуш кийинда жакшы болбойт экен. Мен турмуш курганыма он жыл болду төрт балам бар аллахка шүгүр баары уул балдар күйөөм жалгыз бала кайынсинди кайннеже дегендер бар. Башымдан көөп нерселер өттү уруш талаш бактылуу болуш үчүн байлык керек экен, менде андай байлык жок. Ата-энем сеп дагы бере алган жок. Кайын журтумда эчким тоготпойт атымды айтып эмес сойрук же гангир баш деп чакырышат. Айыл жери түйшүк оор кышында мал жандык карайм жайында таалада эгин карамай эркектин ишинда аялдын ишинда кылам баарыбир жакпайсын. Себеби колунда жоктугун эл берген нерсени Ата-энен бере албагандыгы. Кайненеме келсек бир өзүмдөн кычык табат, таарынат, продуктаны бекитет күлүктөйт келген кеткенге жамандайт. Ушунчалык жаман экенине кээде өзүмда ишенип кетем. Төркүнүмө алты жети айда бир барам бир еле күнгө болгондода. Тарынып кетипда калдым коп жолу бирок балдарды ойлойт экенсиң. Төркүнүңө төрт бала менен батбайсын. Мен буларды эмне үчүн жазып жатам жакшы жашаш үчүн байлык керек экен. Менго чыдап жашайм бирок мага окшоп башында тоготпогон үй-бүлөөгө чыдыймын баары жакшы болуп кетет деп жашаган келиндерге кенешим болбогон турмуш башында болбойт ажырашып теңиңерди тапкыла демекчимин. Админ бул посту чыгарып койчу кичине болсода келиндерге сабак болсун.


Отправить комментарий