алданып

Мага окшоп кыз алакачуунун курмандыгы болду...



 Турмуш жолуна акылга толо элек кезимде эле аттандым.

Анан эмне мага окшоп канча кыз ала качуунун курмандыгы болгон чыгар.Артымдан 3жыл калбай чуркаган жигит ,мага ушундай жолдош болот деп ким ойлоптур.Же окуудан жок,бир кесиптин ээси болбой ,же оюн күлкүгө тойбой турмуштун запкысына туш болдум.1 ай өтүп -өтпөй сүйөм ,күйөм деген адам мага кол көтөрө баштады.Уруп -согот ,мен жөн гана аялдын кырк жаңы бар дегендей эле жашап келдим.Кетип калгым келет бирок өзүмдүн ата энем да эки жакта.Каерге,кантип барам.Баягы шайыр мүнөзүм жоголуп,кабагым ачылбас болду.Мен ойлогом аялды аял түшүнөт деп,бирок тилекке каршы кайын энем да мени куноологондон тажабайт.Куйоом ичпейт, чекпейт.Бирок динден такыр түшүнүгү жок .Жини келгенде кармана албай уруп салат . Жакында көкүрөгүмдөн опереция болгом ,кече да жини келип тээп көкүрөгүмө да тээп жиберген болчу,аябай көп кан кетип ,ээсим ооп кала жаздады.Мен ажырашканды туура көрбөйм деп атып бир күнү өлүп калуудан көркөм.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?