алакачуу

Мен 41 жаштамын жаш коруном, куйоом измена кылды анан менда...



Саламатсыздарбы мен дагы сиздерден кенеш күтөм. 

Биринчи жолу мени күйөөм измена кылды. Акыркы күндөрү мага көңүл бурбай баштаган күндө ичет ,акчасын чачат, эртең менен үйдөн чыгып кетет. Кайра кеч келип жатат жаныма бирок артын салып үшкүрүнүп мага көңүлү жок, мурун андай нерсеси жок болчу ,мени кучактап жатмайын уктай алчу эмес. Акыркы күндөрү мени көргүсү келбей сөгүп сагып, кагып силкип калган, кечээ майрамда теңтуштар менен чогуу отуруп келгенбиз. Үйгө келип мен кухняда жүрсөм ал эшикте аш үйдө жүргөн. Бирөө менен эле видео звонок менен сүйлөшүп атканынан тыңшасам бир келиндин үнүн угуп калдым. Ага жалооруп жалынып атыптыр менин күйөөм ,мага ишенбей калдын беле деп. Өзүмдү кармай албай эшикке чыга калсам сразу өчүрүп отуруп калды. Мен ызы чуу салып жибердим ,ким ал десем эч ким деп тел көргөнбөй койду

Өзүмдү аябай жеп ыйлап күчүмдү чыгарып жатам. Ортодо 3 балабыз бар ,жашым 41 де ,бирок жапжаш көрүнөм. Өзүмдү таза ,тыкан алып жүрөм ,оокатка тыңмын, эмнеге күйөөм ошого барды?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?