алакачуу

23 Томун 2 балам бар, болду балдар мн болбойм деп, бирок чыдай албай...



 Саламатсыздарбы урматтуу айымдар менин койгойум томондогучо

 Жашым 23то биринчи турмушуман 2 балам бар ажырашкандан кийин такыр турмушка чыкпайм балдарым учун жашайм дечу элем, тагдырыма жазылганбы уйлонбогон бойдок балага тийдим башында айтып журдум тен тени менен бололу мен турмушка чыкпайм дос душманынар бар ата-энениз кабыл албайт десем жок мен чечем мен жашайм деп журуп уйдогулорун кондуруп жонотту, эки тарап суйлошуп балам уйлонгон эмес той болот калын берилет кызга бергис жубан бар, ырас балам кызынарды тандаптыр сезимин сыйлайм деп чоон той откордук, балдарым ата-энем жаш болгонго озубуз карай беребиз сен жашап тынып кет кыжалат болбо деп узатканы менен ичимен тийгениме окунуп ыйлай берем, балдарга болгон кусам кундон кунго артып эстеп эле козумо жаш келет, куйоом мн да уруша турган болуп калдым кичине уруш болсо кетем дейм, билбейм туура эмес кылдымбы шашып койдумбу деп эле ой жеп бутту, кайненем башында жакшы болчу бара бара озгорду жондон жон ажырашпасан керек деп

бир жолу айтып алды, кылган иштерими жактырбайт артыман жыйнайт кыла берет, суйлобой коет, жаман коргону ушундай билинет. Баласы менен уруша кетсек кечке мени куноолойт баламын меесин жейсин убагында жон журбогонсун да кочого конуп калгансын деп,Куйоом болсо жубатканы аракет кылат мени чыдап койчу балдарды да алабыз болунобуз деп,бирок кееде грубить этип бакырып мага согунуп даже кол которгонго чейин барды, айттым максатына жеттин болду кызыгын тарадыбы десем максатым сен эмес элен дейт бугун , озум сыгылып кеттим булардын уйундо озуму чужой сезем , мен негизи тыкылдап иштеп озуму да балдарымы да карап жургом убагында ушуга тийдим озуму бир керексиз куноолу адамдай сезип калдым,мени кармап турган нерсе ата-энеми уятка коембу,кызы тынбады дебесин деп тилими тишиме басып уйдогулорумо ун катпай журом,анын устуно боюмда да бар жакында торойм, билбей калдым не кылышымы ажырашып эле балдарым менен тынч омур сурсомбу же эмне кылсам башым катты…
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?