Саламатсынарбы. Мен турмушка чыкканыма 7 ай болду.
Күйөөм жакшы жердин баласы. Менде материалдык байлык жок. Ата - энем квартирада турушат. Ошол себептенби кайын журтум басынтышат. Ата- энем квартирада турса да, намаз окуган адамдар. Мен бактылуу өмүр сүрөм деген ой менен турмушка чыккам. Көрсө жон гана бир кул болуп барыптырмын. Кайын энем кошуналарга бул келин начар жердин кызы деп айтат. Боюмда да бар. Күндө ыйлап сыгылам. Эмне кылсам болот? Же кетип калсамбы?


Отправить комментарий