алданып

Эжемди биз окуйт экен десек ал акчаны чачып, боюнан алдырып...

 


Саламатсыздарбы. Мен да эжелерден агалардан кенеш сурайын дегем. 

Админ сизге чоон рахмат жардамыңыз үчүн. Мен мектеп окуучусумун. Быйыл 11-классты бүтүрөм. Бир эжем бар. Атам бизди таштап кеткен экен кичинекей кезибизде. Апам болсо кун тун дебей эч нерседен кем кылбай бизди багып чоңойтту. Мен апама чексиз ыраазымын. Эжем 2 жыл алдын окууну бүтүп университетке кирди. Апам кечке чейин тынбай иштейт, мен да мектептен келип жардам деп иш кылам. Чеснок эгип, ободок жасап сатып айтор эзилдик апам экөөбүз. Эн жаманы эжем окубай эле жыргап акчаны чачып косметика алып кийим алып ойноп жүрүптүр. Апамдын ак сутун актабады😓боюнан алдырып жигиттен жигит тандап сигерат чегип журуптур. Анан окуусун таштап бир кишиге тийип кетти. 

Азыр апамдын бөйрөгүнө суук өтүп болницада 1 чалып сурап койбоду. Жиним келип жатат. Унум жок майым жок деп келип бизди тоноп кетет. Менин 50 сом акчама чейин сурап алат😐1 нан көтөрүп келбейт. Курут жасап сатып апама даары алдым. Апам сени да окутам эптеп дейт. Врач болсо иш кылбасын деди. Мен Россияга барып иштеп апама жардам берсемби дейм. Бутума турганча иштеп кичинекей акча айландыра турган дүкөн ачып берсемби ушундай ойлорум бар. Озум болсо кийин акчалуу болгондо окуйм деп жатам.

 Кенеш бериниздерчи мен да элдерге окшоп апамды жакшы баккым келет. Чет өлкөлөргө алып чыккым келет. Классташтарым да эжең эжең деп күлүшөт. Келечекте алар сүйлөп көңүлүмө тийгенине уялып эстегендей жашагым келет. Мага окшошторго жардамдашкым келет мага турмушка чык өзүм окутам сени жакшы көрөм дегендерге да аябай капа болом😥 Апам кыйналып турса кантип тийип кетмек элем. Ии айтмакчы апам мени багып алган экен. Менин атамды апам суйгон экен эле бирок тагдыр аларды тагдыр кошпой башка башкага турмуш курушуптур. Менин атам каза болуп мен 2 жашымда апам детский домго берип койгон экен. Аны апа дегим келбейт. Кечээ ушунун баарын мени баккан суйуктуу апам айтып берди. Мага ичин ачышпасын мени караба дейт😭 Мен баарибир аны эч нерседен кем кылгым келбейт. Чыгарып беринчи.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?