Саламатсыздарбы айымдар. Сиздерден кенеш сурайын дедим эле.
Тагыраагы күйөөсүнүн экинчи аялы бар айымдардан. Кептин башы жолдошум менен жашаганыма 3 жыл болду. Ортодо балабыз бар. Жолдошум менен турмуш кургандан бериле эч тил табыша албай койдум. Ал үйдүн кичинеси, мен да. Ошон үчүнбү экөөбүз тең кызуу кандуубуз. Менин характерим оор. Аябай корс, Кайсар, көк бет урушсам до конца айтышып отура берем. Жолдошум баардык жактан камсыз кылат. Үйдүн кичуусу болсо да кайнжуртка кызмат кылдырбай алып кетип калган мени жумушуна.Аялдын шайтаны эркектикене караганда күчтүү болот экен да. Намаз окусам деле намазым күйөөм менен айтышкандан тоспой атат. Ошого күйөөмө аны сыйлаган жубай алып берип, өзүмдү текеберчилигимди жеңсем дейм. Экинчи жубайга макул болуп, ал экөөнү бул жака коюп өзүм кайнжуртка барып кызмат кылсам эшек куртум мурдумдан түшөт беле. Кечээ да урушуп кеткенбиз. Үйгө келбей эле койчу дегем, коргум келбейт деп. Бүгүн жок. Ошого ушинтип скандал кылып, баркымды кетире бербей, Экинчи аялга уруксат берип, өзүм алыс эле жашасамбы?


Отправить комментарий