Саламатсыздарбы эжелер синдилер жана кыргызымдын кыздары.
Мен азыр аябай жаман болуп сиздерден кеңеш алайын дедим. Акыркы кундору тагдырыма аябай нааразы болуп жащагым келбей жатат. Мен сиздерге башыман өткөн кайгылуу жашоомду айтып берейин дедим. Жаш кыздарга сабак болсун жана озум дагы кеңеш алайын дедим. Суранам жакшы ой пикириниздерди кутом. Мындан эки жыл мурун бир Пакистан бала менен тааныштым. Бир жарым жыл суйлоштук. Ортодо жаман нерсе болгон жок. Анткени ал намаз окуучу. Акыры ал мени аябай жакшы короорун мен таштап кетсем олом деп коп айтчу. Мен дагы жакшы коро баштадым. Анын акчасына эмес келбетине дагы эмес мага кылган жакшы мамаилесинен аябай жакшы көрүп калдым.
Ал Бишкекте кудай берген базарда машиналардын запчасын сатып иштейт. Ошентип ал мага турмушка чык деди. Ата энеме айтсам сен жакшы көрсөң ал намаз окуса сени сыйласа макул дешти. Биз нике кыйдырып жашай баштадык. Кундор өтүп ал озгоро баштады. Үйгө кеч келет мага айтсам мага жаман сөз көп айтчу болду. Тунку эки учко чейин телефон менен смс жазышат . Корсо толтура одноклассник инстаграмм ачып алып жаш кыздар менен сүйлөшүп жолугуп журчу окшойт. Бир канча смстерин окуп калдым. Мен ага ыйлап эмнеге жпшообузду бузуп атасын менин эмне кемчилигим бар да башка кыздар менен сүйлөшүп атасын десем такыр мени түшүнгөн жок.
Күчөп суйлошо берди үйгө келбей да калып жатты. Акыры тажадым олгум келди ыйладым бирок ал мени киши катарынан чыгарды. Акыры ата энеме айтып анын жашоосунан кеттим. Бир дагы жолу кайрылып кел деген жок. Анын эки досу да кыргыз кызга уйлонгон. Ал дайыма досторумдун аялдары жаш деп көп айтчу же жаш кыздарга кызыктыбы билбейм. Эки күн мурун чалып жашообузду кайра баштайлы десем экинчи мага чалба мен башканы жакшы көрөм деди. Дагы жазсан сүрөтүнду интернетке жамандап жазып салам деди. Жашоом талкаланды биринчи никем биринчи жолдошум болчу. Мага үй булоо биринчи орунда турчу. Жүрөгүм аябай ооруду акыры жиним келип андан өч алгым келип жатат. Эмне үчүн ал кыргыз кыздардын жащоосу менен ойлошу керек . Менин бактым талкаланды . Суранам кеңеш бергилечи кандай кылып андан оч алам.


Отправить комментарий