Саламатсыздарбы. Менин дагы катымды Анонимно чыгарып бериниздерчи сураныч .
Күйөөгө тийгениме 4 жыл болду ,2 балабыз бар Кудайга шугур. Маселем; күйөөм бир жылдан бери такыр өзгөрдү. Колу тийип, көп ичип баштады. Менин сөзүм, сөз эмес ага. Мени киши катары көрбөйт. Өзүн укмуш сүйөт. Көчөдө башка аялдарга кылган мамилесин көрүп тан калам, ушу менин күйөөмбү деп. Ошо мамилесинин бирин дагы мага кылбайт. Көңүлүм калып баратат. Мурда мындай эмес эле. Ар кандай жүрөккө тийчу сөздөрдү айтат. Кет, өз оокатынды кыл, мен өз оокатымды кылам дегенде мен 2 баламды алып алып кетип калгам. Кеткенде 20 күн такыр маалымат алган жок. Балдарды да сураган жок. Кийин смс жазып, балдар менен сүйлөшүп алайын деп жанды койбой сүйлөштү. Анан кечирим сурап, барып алып кетем деди.


Отправить комментарий