Куйоомду суйбойм, анан инстаграмдан башка балдар мн...


 

Саламатсызбы админ чыгарып беринизчи. 

Мен жолдошум менен жашаганым 10 жыл болду 4 балам бар. Бирок жолдошумду такыр сүйө албадым эч кандай чувством жок .Бир төшөктө да жатпайм кызымды ортого алып жатам .Ичкенде баарыбызды сөгөт далай жолу мага кол көтөрдү азыр башым көп ооруйт .Оңураак кийим кечем да жок. Эптеп элдин эскисин кийем .Же иштетпейт апамдыкына араң жиберет. Сүйбөгөн адамым менен өмүрүм өтөбү. Мен бир соонун таза сүйүүгө жолуккум келет. Анан дагы бир жаман адат таап алдым инстаграмдан жигиттер менен таанышып жазыша берем.

 Башка сулуу кыздардын сүрөтүн коюп алам. Аябай жакшы кызыктуу сүйлөшөбүз, бир бала менен эки ай сүйлөштүм. Акыры жолугалы деп жолукпай койсом таарынып жок болду. Азыр мугалим жигит менен сүйлөшүп атам мен студент короче супсулуу кызмын. Аябай кызыктуу сүйлөшүп атабыз чын эле ушундай болсом дейм. Ал мугалимге тийип алмакмын. Ошентип сүйлөшүп алсам жеңилдеп өзүмдү бактылуу сезип калам. Сүйлөшүп бүтүп инстаграмды катып салам себеби жолдошум телефонумду алып ватсабымды текшерет.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?