алакачуу

Куйоом сабайт башым талкалап бутту, болушаар эчким жок анан...



 Жолдошум менен жашаганыма 15 жыл болду. 

19жашыбызда баш кошконбуз сүйлөшүп эле, акыркы 7 8 жылдан бери кол көтөрөт, башымды талкалап бүттү 3, 4 айда бир катуу сабайт. Көк ала болбогон жерим калбайт, күйөөмдөн көңүлүм ушунчалык калды. Болушаарга эч кимим жок менин, 4 балам бар, мага окшогон аялдарды коргоочу закон барбы дейин дегем. Үй жайыбыз бар ошол үйдү экөөбүз курдук, жолдошум экөөбүз үйлөнгөн кезде эчтекеси жок болчу. Эми минтип балалуу болдук үйлүү болдук машинабызда бар анча мынча малдагы курадык. Жашообуз кудайга шүгүр, ушу кол көтөрүп мени сабаганын койбой койду. Балдарымды таштап кайда кетем үй жайды жанталашып курдук баарын таштап кайда кетем? Балдарым менен каяка батам, башымданда орукчал болуп калдым, каяка барып кайрылам, ким мени түшүнөт ким мени коргойт? Ошентип сабап бир күнү мени өлтүрүп коёбу? Азыркы учурдада денемдин баары жанчылып көк ала болуп жатам, бетимден тамтык жок, кимге кайрылам күйөөмдү менден алыстатып кетишсе болот эле. Ушунчалык кыйналып турган учурум азыр.


Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?