алданып

Агайды жакшы коруп калып, бир куну класста эчким жокто...



 Агайды жактырып калып...

Мен университетте экинчи курста окуйм. Бизде бир сабак бар. Мен такыр түшүнбөйм, жакпайт дагы. Философия. Титанизм, дуализм дегендер мен үчүн түшүнүксүз дүйнө боло берет. Анысы аз келгенсип философиядан берген мугалим дагы өтө эле зыкым, көптү талап кылат, оңой менен баа койбойт. Зачетумду араң тапшыргам.
Бирок картаң мугалимдин ордуна жаңы мугалим келгенде баары өзгөрдү. Жаш, келишимдүү дагы экен. Дамир Кошокович. Отуз жаштын тегерегинде. Дамирчик мугалимдик кызматка киришкенден тартып философия сүйүктүү сабагыма айланды. Бирок сабакты дагы эле жакшы түшүнбөйм, келишимдүү мугалимге көзүм менен тийишкенди гана билем.
Ал бизге башка дүйнөдөн келгендей эле сезиле берчү. Класс#калык стиль: костюм шым, рубашка, чыптама. Шляпа менен эле куштун канатынан жасалган калем сап жетишпейт.
Мен аны менен жакындан таанышкым келди. Философия илимине тереңирээк кирүүнү чечтим. Ар бир сабак сайын атайын суроолорду даярдап, улуу ойчулдардын өмүр баянын жаттап келем. Эми группадан мен айырмаланып турчу болдум, анткени дайыма мен кол көтөрөм. Андан тышкары кошумча маалымат алуу үчүн шылтоолоп Дамир Кошоковичтин иш бөлмөсүнө бара берем.
Жолум болуп алдыда философия боюнча студенттер арасында сынак уюштурулмай болду. Дамирчик сынакка катышууну каалагандарды сураганда жалгыз мен гана макул болдум. Биз сабактан кийин жалгыз калып иш чарага даярданып жаттык. Мүмкүнчүлүк боло калса эле аны көзүм менен атып жаттым, агай болсо тартынып китепке үңүлө калат.
Менин ыкмам акыры иштеди. Бир күнү кечинде киного бардык, андан кийин ресторанга кирдик жана вино ичтик. Коштошоордо уят-сыйытымды унутуп, анын эриндеринен өптүм. Бирок агай каршылык көрсөткөн жок. Үйгө барганда жакшы кеч болгонун жазып да жибериптир.
Сынактан эч кыйналбай куладым. Анткени оюмдун баары эле Дамир болуп калган. Биз кээде сабактан кийин сейилдейбиз, чогуу тамактанабыз, бирок мамилебизди сыр бойдон калтырууну туура көрдүк. Көп өтпөй биздин сүйлөшүп жүргөнүбүздү окуу жайдагылар билип калышыптыр. Ошондо курбум мындай деди: "Анын аялы бар экенин билесиңби?" Мен билчү эмесмин. Таң кала башымды чайкадым: "Бирок колунда шакеги жок го! Сен кайдан билесиң" дедим. Курбу кызым агайды соода борборунан кичинекей кызы жана аялы менен көргөнүн айтты. "Ал деген жеткен бабник! Башын айлантып алган кыздары толтура, сен жалгыз эмессиң. Бул Ромео философиялык ырларын ишенчээк кыздарга жакшы ырдап берет" деп кошумчалады.
Бул маалыматка ишенгим келбей аны агайдын өз оозунан угайын дедим. Бирок чын экен. Дамир өзү айтты. Андан кийин актанууга аракет кылды. Бирок аны уккум келген жок. Ошондон кийин биз сабак учурунда гана жолугуп калдык. Адамдын сырткы көрүнүшү алдап коет экен: ал мындай караганда адептүү, тартиптүү көрүнгөнү менен чындыгында катынпоз болуп чыга келди.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?