Саламатсызбы.Мумкун болсо чыгарып бересизби?
Кенеш сурайм, оюнар маанилуу...21 жашымда мени алып качып кеткен. Куйоом коп ичкендиктен, ичкиликтин айынан ажырашкан элек.. Бала жок, бир жыл жашаганбыз.. Иче берип бомждан айырмасы жок учурда. Арадан 4 жыл отуп озумдон 9 жаш улуу, балалуу болбой ажырашкан мырзага турмушга чыккан элем.Эл катары той кылдык.Ойлогом экообуздо тен бала жок, балалуу болсок жашап кетебиз деп. Жашоо шарты жакшы болчу. Аялы мн 13 жыл жашап конуп калганбы айтор, турмуш кургандан бир ай отпой аялына кетип калган..
Ортодо ызы чуу болду, акыры 5 ай жашап дагы ажыраштык. Балалуу болбодук, куйоомун проценти томон болуп чыкты...Андан бери 1 жыл отту. Учурда жашым 28де. Иштеген ишим, кошумча каражат таба турчу булагым деле бар. Кептин баары бала... Арманым балалуу боло албадым. Убакыт откон сайын ойлоно баштадым. Жашым отуп бара жатат деп. Жакында озум мн тен, курсташ врач бала мн тааныштым... Ал да турмуш куруп, бир кыздуу болуп 1,5 жыл жашап ажырашкан экен. Суйлоштук, жолуктук бир ай. Учурда турмуш куруу сунушун киргизип жатат. Тийбей эле койойун дейм, балалуу болгум келет.Тийейин дейм дагы чочулайм аялына кетип калсачы деп. Же дагы келише албай калсакчы деп. Уй жайы жок, 0дон курайбыз эгер турмуш курсак. Кайра кайра эрге тийгенден да уялат экенсин элден. Башым катты! Копту коргон эжелердин оюн билгим келет...


Отправить комментарий