5 Жыл суйлошкон жигитим боюмда кылып таштап кеткен, эми дагы...

 


Саламатсыздарбы? Мен да сиздерден, жолу улуу адамдардан кенеш кутом.

 Жашым 25те. Анда соз башынан болсун. Ал учурда, эч нерсени билбеген, тушунбогон, баардыгын озумдой ак конул, ишеничтуу, боорукер корчумун, эстеп корсом, 9-классты бутуп эле, студенттик жашоого аралаштым, жаны жашоо, айтор баардыгы кызык сезилди. Ошондой кундордо, бир жигит менен кыз жигит болуп суйлошуп калдым. Анан негедир ортобуз жакындап кетти. Абдан жакшы коруп калган окшойм, менде ал жок кунум отчу эмес. Ошентип журуп кошулуп да баштадык, ал учурда 17 жашка чыга элек экенмин. Ошентип убакыт ото бердик, копко суйлоштук. Жакшы сактандык деп айта алам, себеби 22 жашыма чейин боюмда болгон жок. 

Бирок андан кийин боюмда болуп калды, ошондо баягы мени суйуп, мен аны суйуп жургон адамымдын чыныгы жузу ачылды. Мага болгон сыйын-урматын ошондо билдирди. Качан мен ага боюмда бар экенин айткан куну, менин жашоомдон тып жоголду. Негедир тушунбой кала бердим. Анан издештирип, таап сураганымда, бала менден эмес. Баланын атасы мен болгон кундо дагы, мен сага уйлоно албайм. Мени издеп келбе, сени коргум дагы, тааныгым дагы келбейт, случайно кочодон коруп калсан дагы, чужой адамдай кор. Себеби баары бутту деп туруп басып кетти. Мына эми ишенген адамды ошондо коруп ал. 

Мындайча айтканда кочодо калдым, мен андай корунуш менен уйго дагы бармак эмесмин. Ойлонуп отуруп, тааныш жакшы билген эжеге кайрылып, болгон окуяны айтып берсен, эгер жигитин таштап кетпесе башка нерсе айтат элем, эми таштап кеткенден кийин, кудайдан кечирим сурап алдырып сал деген сунушун айтты, сен жашсын, буйурса дагы торойсун деп айтты. Анан чындап эле жакшы гинеколог таап, суйлоштум, анан айла жок ушул ишти кылганга туура келди. Ооба мен жаман иш кылдым, мен куноо кылдым, ошол кунум азыркыга чейин коз алдымда . Ошол окуя болгондон кийин баардык нерседен конулум калды. Эч ким менен суйлошкум келбейт. Эн негизкиси азыркы убакта, жашын 25 ке келди, оз тенинди таап турмушка чык деп ата-энемдин айткан созунон кийин, Эч бир нерсеге кубанбай дагы калдым. Эч бир нерсеге кызыкпай дагы калдым. Менин оюм, эми эмне кылам? Мен кантип турмушка чыгам? Кантип бироого булоо болом? Мени ким алат? Алган кундо деле эмне кун болот? 

Ал адам качандыр бир кезде бетиме салып айтат да, сен ушундай болчусун деп. Бир адам менен кыз жигит болуп суйлошуп, уйлонобуз дегенде отказ бергем, анын суроосуна, мен чындыкты жооп бердим, кечирип кой мен ушундаймын, мен ушул нерселерди башымдан откоргом десем, ал бала дагы жок болду. А чындыкты айтпай, башка жол менен баштайын десем, турмушту алдоо жолу менен баштагым келген жок. Эмне кылсам болот? Кантем?

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?