арак

Мени 5-6 классымда тууган байкелерим междуног кылып жатып...

 


Саламатсызбы 🌷 Менин да катымды коёсузбу.

 Бүгүн сиздерге өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин деп жатам. Жашым 22 де учурда окууну бүтүп иштеп жүргөн кезим. Менин айтайын дегеним мени 5-6 жашымда атамдын бир тууган агасынын баласы ыплас иштерди жасачу. Ал менден 11 жаш улуу . Башында түшүнчү эмесмин, кийин түшүнө баштадым жаман нерсе экенин ата - энеме айта алчу эмесмин, анткени алар сүрдүү болчу , коркот элем. Кийин эс тартып чоңоюп калганымда деле адатын калтырган жок . Ата - энем жумушка кеткенде кайдан жайдан келип баса калчу бир туугандарымы эшикке чыгарып койчу алар бөбөктөр эле да , чыгарып койсо ойноп жүрө беришчү. Мен кача албайм күчүм жетпейт😓. Абдан чүнчүп өзүмдү барынан кем сезип кыйналчумун. Кийин апама айтам деп даярданып барып айта албай кала берет элем билинип баары ызы чуу болуп айылдаштар колу менен мени кезеп көрсөтүшүп , ушакташып , кемсинтишеби деп айта албай кала берет элем. Бир жагынан келечегим ойлочумун турмушка чыкканда да залакасы тиеби деп .

Мени зордуктап, намысым алган эмес . Азыр ойлоп көрсөм эки буттун ортосуна болчу экен. Ошентсе да ушунчалык жаман сезим 😭💔 өзүмдү өзүм өлтүрүп алгым келчү, өзүмдөн жийиркенип, ушунчалык кыз болуп жаралганыма өкүнчү элем . Кийин 6- класс болгонумда дагы бир тууган байкебиз үйгө келип зордуктап коё жаздаган , аз эле калган жеңем келип калган кудай жалгап 😭бирок эч ким билген эмес . Эстесем азыр арман мага. Унута элекмин, унутпайм дагы баары эсимде алар ойлойт унутуп калган деп 😖. Жек көрөм экөөбүн тең Аллахка койдум жазасын берсин ылайым!!!! .Мен апаларга кайрылгым келет ушунчалык суранам кыздарга көңүл өзгөчө бургула сурап тургула . Азыр заман кыздарды өз атасы, байкесине ишенбей турган заман !
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?