Саламатсызбы админ менин да сунушум чыгарып коюунузчу.
Мен турмуштан ажыраганыма 8ж болду ошондон бери ата энем турмушка чык десе балдарым чонойсун деп конбой жургом. Азыр Москвадамын бир жигит менен таанышып аны менен 8ай сүйлөштум. Азыр эми эгер макул десең бир балаң мн алам дейт. Анысы аз келгенсип үч төрт ай никесиз жашап туралы ата энеме терс таасирибиз тийбесе жашап кетебиз дейт анын оюу никесиз жашап турсак ата энеси бир туугандарына менин кыймыл аракетим, аларга болгон мамилем жакса анан нике окутуп жашайт экенбиз ага чейин никесиз жашап туралы дейт. Мен конбодум уруша кеттик. Бул сунушка сиздер кандай дейсиздер, сиздерден кеңеш кутом. Жакшы кенешиниздер үчүн рахмат.


Салам кандайсын сулуу?урушуп кетип жакшы эле кылыпсын жакындатба Москвада жургон эркеке окшош катындарды,Москвада жургон эркектер кумар кандырып журуш учун эле же акчаны жеп алдап качат же бойунда кылып качат кыскасы озуно бек бол да.
ОтветитьУдалить