Саламатсызбы. Аноним чыгарып бересизби.
Москвада иштейбиз. Кайынсиндим колумда иштечу( күйөөмдүн эжесинин кызы) 18 жашта. Баарыбыздын көз алдыбызда жүрүп эле боюна бүтүп калыптыр... Кимден деп сурасам айтпай атат😥 Апасына же күйөөмө айта албай үйүнө жөнөтүп жибердим эле. Апасы деле Москвада. Ичи билинип калганынан У.З.И ге салса 7 ай болуп калыптыр. Апасы жанжал кылып ичиндегисин жогот деп атат мага... Күйөөм деле жанымда ага айтпадык. Билсе баарыбызды тирүүлөй көмөт😪 Териштирип телефонун карасам эптүү эмес бала менен уят сөздөрдү сүйлөшүптүр.
Кимисинин мойнуна койом?! Бир четип апасына айтсам женесисин да баарыбир душман, жалаа жаппай тез жогот кантип жок кыласын сенин ишин деп атат... Мен эмне кылам. 7 айлык баланы кантип алдырабыз. Тазза эле күнөө иш кылган болом го... Төрөй берсин мен багам десем маскара болом деп атат...Билем кызда чоң күнөө. Карап катуу эле кармачумун. Эмне болуп каерде болду билбейм... Жегеним желим, ичкеним ириң болуп бүттүм. Эмне балакет, эркек балдар кыйшандаса деле Астахфилаллах деп алыс бол деп койгулачы☝суунун дагы сурагы бар дейт Акыретинерди ойлогулачы. Тируу баланы өлтүргөнү атабыз...😭


Отправить комментарий