Саламатсынарбы, менин да жүрөгүмдө катылган сыр бар.
Мындан 10 жыл мурун бир жигит менен таанышып бири-бирибизди жактырып кыз-жигит болуп калдык. Бирок ал менен таанышкага чейин мени ала качып кетип, бир ай жашап жашабай кетип калган элем, кызым бар эле бир жашта. Ал үчүн ал тоскоол болгон эмес. Биз сүйлөшүп жүрүп жакын болуп кеттик. Боюмда болуп калды ошол арада таарынышып кетип мен коркуп аборт жасатып салгам, кызым бир жаш болсо экөө менен кантем деп. Ооба, акмакчылык кылгам.
Ошол болду эч бир адамды жактырганда, суйгонда жокмун. Ушул жаз башында биз көрүшүп калдык. Бирок эч сүйлөшө алган жокпуз. Анда санда жолугуп калып жаттык, экөөбүздүн иштеген жерибиз бир имаратта болгону үчүн. Ал үйлөнүп балдары бар экен. Биз бир күн жолуктук 2-3 саат сүйлөшүп олтурдук, ал дагы мени көпкө издеп унутпай ар дайым эстеп келгенин айты. Бирок үй-бүлөөсү үчүн мен аага жакындай албасымды айттым. Бирок мен эми кантем жашоом таптакыр өзгөрдү. Жүрөгүм ал деп....


Отправить комментарий