Ойношу бар экенин билгенден кийин күйөөмдөн акча уурдай баштадым
“Эки уулду катары менен төрөп төрт жыл катарлаш бала менен үйдө отуруп калдым. Балдарымдын оорубай ойноп жургөну мен үчун бакыт эле. Күйөөм болсо эки жумушта иштеп, бирок ошол эле учурда бизди толук камсыздайт. Үйдө отурган аялга кымбат кийим косметиканын кереги жок деп ойлочумун. Көрсө кайда болбо өзүңду карашың керек экен. Кокусунан эле “Азия Молл” соода борборунда балдарды сейилдетип жүруп күйөөмдүн бир аял менен кофе ичип отурганын көруп калдым. Жакшылап байкасам биз үйлөнөрдө ” мен тиймекмин”-деп тоюбузга чейин келип чыр салган мурунку кызы экен. Үйгө келгенде аны айтсам “мени андыйсын, сага эмне жетпейт”-деп кол көтөргөнгө чейин барды. Ошондон кийин телефонун да машинасына калтырып келет. Бул мага катуу тийди. Эми азык-түлуккө, балдарга деп берген акчадан кымтып алып калам. Кээде кир жуурда чөнтөгундө калган акчасын да алып коем. Алдым деп да айтпайм. Ошол акчага салонго барып, косметика алып, кийим кече сатып ала баштадым. Мурдакыдай күйөөмө ишеничим жек көрүүгө айланды. Мен эки бала менен үйдө отурам ал болсобир кезде уят кылган кызды ойнош кылып аны менен көңүл ачып жүрөт. Кээде балдарымдын алдында акчаны кымтым алганым үчун күнөөлү сезип кетем.Мындай учурда кандай кенеш бересиздер.


Отправить комментарий