балдарым

Кошуна кайнимди жакшы коруп калдым...

 


Салам админ,менин постумдуда чыгарып беринизчи. 

Саламатсыздарбы! Менда өзүмдүн кичинекей сырымды сиздер менен бөлүшүп азда болсо женилдеп алгым келди. Негатив керек эмес, себеб ар кимдин башына эмне келет эмне жок билбейбиз, ошондуктан негатив жазбаныздар, ой пикир болсо жаза кетиниздер.

Айтор бир жыл болуп калды, үйлөрүбүз жакын, бир кошуна кайнимди жактырып калдым. Айтуусунда алда жактырат экен, бирок менчеликпи билбейм. Анын үй бүлөөсү бар, менинда үй бүлөөм бар. Ошол себеп жолдорубуз башка, бирок аны эч оюмдан чыгаралбай калдым, аны сагына берем, сагыныч кусалыка чыдай албай ыйлаган күнүм да болду. Негедир жүрөгүмдө орду чондой, албетте жолдошумду да жакшы көрөм сыйлайм, балдарымдын атасы, бирок жанагыдай күчтүү сезим болгон эмес эле жолдошума. 

Балким сүйлөшүп сүйүшүп тийбегенгеби айтор түшүнбөйм, балдарым үчүн эле жашап жүргөндөймүн. Бирок жүрөктө сүйүү менен жашаган бөлөк экен, өкүнүчтүүсү сеники болбогон адамды кызганып жашоо өтө кыйын экен. Аны көрсөм кадимкидей дарманга толо түшөм жүрөк сүйүнүп. Менимче бул чын жүрөктөн сүйүп калуу белгиси болот деп эсептейм. Бир жылдан бери ушул көйгөй менен алышып келем, аны сагынам же айталбайм, же жолугалбайм сагынган кезде. Анын көз карашыда мага башкача ,мени жактырарын айтканда сыр бербедим бирок өтө кубандым. 

Мен сүйгөн инсанга менда жагаарымды укканда, аттиң мен аны сүйөм деп айталбаймын... Эхх жашоо неге минтип сынайт экен. Ушундаай достор эч бир жанга айталбай бух болдум, анан бул жакты көрүп бираз женилдегим келди сиздер менен бөлүшүп. Окуп чыкканыныздарга чоон рахмат. Эч бир жанга мындай тагдыр туш болбосун,ар бир инсан сүйүктүүсү менен бирге болсун. Айтаарым сүйүп турмуш кургула, болбосо мага окшоп сезиминер кийин ойгонсо жаман болот экен. 

Бул сезим менен дагы канча убакыт күрөшөм билбейм, бирок өтө кыйналып кеттим аны сагынып жашоодон. Көргөн сайын сагынам, эзилем. Барып айтып салгым келет бирок жашообуз бөлөк, өкүнүчтүүсү да ушул, анын мага жасаган жумшак мамилеси ого бетер арбап алды мени.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?