Саламатсызбы чыгарып коюнузчу мен Москва иштеп жашап жүрөм.
Билесиздер Москвада бир квартирада көпчүлүк жашайбыз , мен бул квартирага көчүп келгениме экинчи айга өтүп калды. Бир комнатада мен эжем и подрушкам жашайбыз. Бир комнатада балдар, Бир комнатада семейный баласы менен мен көчүп келээрим менен ушул квартирадагы бир баланы жактырып калдым. Бирок бирда сезимимди билдирбедим ал балага карабаймын сүрдөбөймүн. Көзүнө көрүнбөгөнү аракет кылчумун.
Бирок күн сайын саламдашып жүрүп сүйлөшүп бирге чай ичип отурчу болдук. Мени дос катары көрдү ,мен ички и сезимимди бекитип эч айта албадым. Кече жакында уйго сүйлөшкөн кызын алып келди. Көрсө сүйлөшкөн кызы бар экен. Эми экөө бирге жашайт экен. Мен үйгө батпай жатам колум ишке барбайт тамак жегим жок жашоом серый эч нерсенин кызыгы жок. Экөөнүн күлкүсү сөздөрү кулагыма сиңип калды, эч кимге билдирбей душта же туалетте иште ыйлап жүрөм көздөрүмдүн айланасы ыйлай берип жарылып күрөң болуп кетти. Азыр квартира караштырып жатам көрбөюн дагы куйбоюн дагы жоопсуз сүйүү эң жаманы 😭


Отправить комментарий