Саламатсыздарбы. Меникин да чыгарып беринизчи суранам.
Турмушка чыкканыма 4 жыл болуп калды, көйгөйүм жолдошумду эч жака чыгаргым келбейт жанымдан бул бир оору сыяктуу. Башында өзүм да жолдошум да жаңы үйлөнгөндө ушундай болот деп ойлочубуз. Бирок убакыт өткөн сайын күчөп жатат. Жолдошум бир жака барам десе эле мээм иштебей калат. Барба жанымда болчу дей берем жада калса туалетке да ээрчип барам. Акылымды жоготуп коём бирок жолдошум ыйлатып туруп таштап кетип калса өзүмө келем аны көрбөсөм жүрө берем... Бирок бир дака кетиш ал үчүн азап Өтө катуу сүйөм жакшы көрөм дей албайм бирок ушунчалык аны көрсөм байланып калам акылымды жоготуп коём өзүм да түшүнбөйм. Жолдошум сага инвалид болуп эч жака чыкбай отурсам жагамбы деп урушат. Кантип бул оорудан арылсам болот?


Отправить комментарий