Мен сиздерге эч кимге айта албаган ичимдеги бир сырымды айтып берейин.
Балким бул менин башыман өткөн окуя кыздарга эле эмес балким жигиттерге да таарсирин тийгизер. Мындан 1 жарым жыл мурун Москвага келдик жолдошум экөөбүз. Ал таксиде, мен магазинде иштеп калдык. Ортодо 3 уулубуз балабыз шүгүр. Балдардын келечегин ойлоп үй салалы деп бири бирибиз мн анча деле ишибиз жок акчанын артынан түшүп алганбыз. Магазинде бүт эле кыргыздар экен. Биздин администраторубуз да кыргыз жигит болчу. Негизи өзүм ачык мүнөз адамдын көңүлүн алган жайдары мүнөзүм бар. Мен ишке киргенден баштап айланчыктап жанымдан чыкпайт. Урушуп ал эле эмес директорго чейин арыздандым, бирок жармашканын койбоду.
Бир күнү подвалдан товар алып чыгышымы суранды макул деп түшсөм артыман тушуп аз жерден зордуктап койо жаздады. 😭 Бирөөгө айткандан уялдым, күйөөмдөн корктум. Билдирбей иштеп жүрдүм. Бирок жалгыз калганымы көрсө эле жармашып аялындай өпкүлөп алышты адат кылып алды. Акыры чыдабай иштен чыгам деп арыз жазып чыгып кеттим. Акыркы акчамы алып магазинден чыгып кетип жатсам такси чакырып күтүп туруптур. Зордоп салып алып жөнөп кетишти. Кайсыл жака барганыбызбы билбейм телефоннумду алып койгон.
Бир квартирага алып барып уруп согуп киргизип кетти. Таксист да кыргыз жигит экен жардам сурасамда унчукпай кетип калды акмак. Квартиранын ичинде да кыргыз аялдар бар экен мени ал зөөкүр мн бир комнатага киргизип жалынып Кыйкырсамда жардам беришкен жок. Күйөөң мн ажырашасын деп уруп денемди көгала кылып, зордуктамакчы болуп көйнөгүмдү да тынып салды. Ушунчалык биздин өзүбүздүн кыргыздар таш боор болуп калганына аябай тан калып, бир жагынан ичим ачышып боздоп ыйладым күйөөмө кыздар менен урушуп кеттим деп бардым ал иш мн денемдин көгүн байкабай да калды. Зордуктайм деп кыйнап ееми баштаганда уруктугу түшүп калды. Акыры жалдырап отуруп качып чыктым. Чыгып алып олгум келди😭😭 куйомо арызданып бара албагыма, мени коргоп алган эч кимим жоктугуна ичимди ит талап ушун кунго чейин эстесем ыйлап алам. Эгер күйөөм түшүнүктү болгонунда жетелеп келип мурду башын канжалатып урдурмакмында. Бирок андай Адам эмес эгер мен айтсам шерменде кылып кайра мени уят кылмак.
Азыр башка жерде иштесем да ошол кун эч эсимден кетпейт. Жолдошум мн постельге келгенде ар дайым эсиме тушуп жанымы койорго жер таппай кетем. Башка улут эмес кыргыздын жигиттери ушундай кылып жатат. Озун шанс бергенсинда дешинер мумкун. Бирок кудай турат. Эгер Ошол акмак окуп кала турган болсо сенин жазанды кудай берсин. Менин тынч жашап жаткан жашоомо омур бойу кара так кылып койдун. Эч качан бактылуу болбогунун😭 жигиттерге кайрыларым. Ар бир кыргыз кызын эже карындашым деп билгилечи суранамын


Отправить комментарий