ажырашуу

Кайненем кайнагана нике кыйдырып ал дешип...



 Салам эже. Менин көйгөйүм мындай сөз башынан болсун.

 Күйөөмөн ажырап калганыма 2жыл 3ай болду. Кудайдын буйругу экен экөөбүз тогуз жыл өтө жакшы жашадык 2уул эки бир кыздуу болдук. Мен балдарым менен чыркырап калып кете бердик. Күйөөм үйдүн кичүүсү кайнене кайнатанын колунда болчубуз. Мени кетпе ушул үйдө кал дешип кетиришпеди. Шаарда кайнагам бар кез кезде келип турат үйгө. Жакшы эле сыйлашып эмнеси болсо да кайнагам. Балдарымы да жакшы көрүп ар нерселерди апкелип берип эле жүрөт. 

Өзүнүн семьясы бар эки баласы бар. Кайнатамдар кечки тамактан кийин мени чакырышып мага сен деле турмушка чыгышын керек жашсын, кайнаган менен нике кыйдырып алгыла, айылга тезден келип кабар алып турат дейт. Кайнагамда отурат чайдын үстүндө башын ийип. Жүрөгүм башкача болуп сөзүм жок эле ыйлап ушундай кантип болсун деген сөздөн башка эч нерсе айтпадым. Кайнагам сени да аялымы да бирдей карайм балдарыны өз баламан да жакшы карайм деп ал айтат. Мен эч ушундай болот деп ойлогон эмес элем. Өзүм эки аял алат дегенди укканда эле жиним келчү. Эми кайненем жанымы койбой атат аркаман калбай ойлон жакшылап деп. Качып кетип калгым келип атат алыстарга айлам жок балдарыман. Кеңеш бериниздерчи. Кайнагамы аябай сыйлап адам катары жакшы көрчүмүн. Эми алдынан чыккым келбей качып жүрөм .

Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный16.11.22

    Кетип калда башка жака озун иштеп уй алсан болотго

    ОтветитьУдалить
Скачать?