Кандайсыз? Башым катып эмне кыларымды билбей жатам.
Менин ордумда болсоңуздар эмне кылмаксыздар? Жакында кайын эжемдин баласы үйлөнөт. Өздөрү аябай жакшы инсандар. Анан өтө бай адамдар. Баласы дагы окуган такыр үйлөнбөгөн мээримдүү ишенчээк ак көңүл бала. Баягыда жеңе жүрүңүз тааныштырам дегенинен бардым. Көргөн көзүмө ишене албай жаман болуп отурдум.
Ал калчылдап ошол жерден тиги балабызды коркутту. Албетте ал эмнени билсин. Айта алган жокмун. Себеби балабыз андай нерсеге татыктуу эмес эле. Кайын иним дагы кайын эжем дагы аябай жакшы адамдар. Ал кыз жөнүндө айтсам убагында өзүмдүн төркүнүмдөн эле бир жакынымдын турмушун бузуп жүргөн ойношу болчу.
Канча жолу кырылыш болуп кармалып мушташ болгон. Аябай укмуш сөз болгон. Эми аларды дагы тойго чакырабыз деп чакыруу баракчасын берген. Мага берип койчу деп Эми сурап жатат бердиңби деп. Келбей койсо да болбойт да. Мага сөз тийет. Келсе укмуш жаңжал болот. Аялы көрсө мисалы тиги кызды жанын сууруп ызы-чуу салат. Эмне кыларымды билбей жатам. Билип туруп айтпай койдуң деп жаман көрүшөт деп корком. Айтсам андан дагы укмуш болот. Билбейм той болот десе элдер кубанат го. Мага баш оору болду. Күйөөм деле түшүнбөй жатат не болду сага деп.


Отправить комментарий