Салам админ. Чыгарып коесузбу.
Кенеш сурабайм, мен жон гана мени зоордукчудан, мумкун олумдон сактап калган адам жонундо айтып берейин дедим.
Ал кезде мен 18 жаштагы студент кыз элем.
Ар суббота сайын айылга барып турчубуз. Ушундай кундордун биринде эжемдин 3 жаштагы кызын алып-алып, айылга жонодум. Айылыбыз Жайыл районуна караштуу БЧКны жээктеген айылдардын бири болчу. Кара Балтага бара жаткан центральный жолдон тушуп андан ары такси мн ойдо жакты коздой айылга барат элек. Аралыгы 5км, ортодо ээн талаа анан барып айылга кирет элек. Кеч кирип карангы болуп калган эле. Эжемдин кызы мн остановкада турсак попутный машина келе жатканынан тосо калдым. Карасам бироо анан айылдашыбыз экен. Суйунуп барып отуруп алдым.
Машина журду. Машинаны катуу айдап, резко токтотуп, кайра катуу айдап баратты. Ошондо гана тушундум, алар мас экен жана эч кандай айылдаш тааныш эмес экен, совсем башка бироолор. Корккон деле жокмун. Орто жолдон талаанын ортосунда чон кол барЭэн талаа, жалгыз кол, камыш, карангыда аябай коркунучтуу жер. Карасам ошол жакты коздой кайрып баратат машинаны. Экоо болсо бир нерселерди суйлошуп атат, чулдурап, улам мени карап коюшат. Журогум шуу дей тушту. Паника боло баштадым. Ошол замат эле башка бир машина келип, "Токтот машинаны, кызды мага бер"-деп бакырды бироо. Тигилер Э брат койчу эми, кайсы кыз бирнерсе деп суйлоп атышты. Тиги машина биз отурган машинаны алдын кыса тосуп тушо калды да,
Мен кордум, чыгар кызды деп бакырды. Биз жанталашып тушуп барып тиги байкеге отуруп алдык. Айылды коздой айдады. Ошондо сурадым булар ким десем. "Булар Беловодскийлик балдар. Бироосу турмодон жаны чыккан. Жана силерге чейин булар мн суйлошуп турганмын. Ичип чегип алышыптыр. Приключение издеп журобуз дешкен, анан кетип калышкан. Бир убакта карасам, машинага сен отуруп атканынды коруп калдым, дароо арканардан туштум. Билесинби булар сени кол жакка алпарып не кылышмак" - дейт байке. Козумо жаш келип Рахмат деп айттым. Биздин кыздарыбызды бизкоргобосок ким коргойт деди байке. Уйго келип уйдогулорго айтып берсем сени Кудай сактаптыр, периште жибериптир деп эле калышты. Ал кезде мен озумду эмес жанымдагы 3 жаштагы кызды ойлодум. Не болмок, зоордуктап ыргытып салса ким кормок


Отправить комментарий