Саламатсыздарбы? Аты-жөнүмдү айткым келбейт, анонимдүү чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөм.
Бир ырчы жигит менен кыз-жигит катарында эки жылдан бери сүйлөшүп келем. Азырынча аябай деле белгилүү эмес, жаңы чыгып келе жатат. Жакында эле ал ушул күздө турмуш кураарыбызды айтты. Бирок бир шарт койду. Анын койгон шарты мени өтө капа кылды. Азыр чалса да, жазса да жооп бербей жүрөм.
Ал турмуш кураар алдында менин кыздык белгимди гинекологго алып барып текшерип көрүп, анан күзгө чейин жарандык никеде жашап, байкап көргөндөн кийин үйлөнөөрүн айтты. «Эмне болмок эле, азыр баары эле жарандык никеде жашап жатпайбы» дейт. Мындай шумдукту укпаган жаным жаман боло түштүм.
Эми аны менен байланышымды биротоло үзсөмбү же айтканына көнүп бара берейинби? Кеңешиңиздерди бериңиздерчи…


Отправить комментарий