балдарым

Кимден боюмда болмок эле, эгер куйоом аракет кылбаса...



 Саламатсызбы? Сизге эми катталып жатам кенешейин деп эжелер менен. 

Көпчүлүктүн ою кандай болсо ошол жолго түшөйүн деп чечим чыгардым. Мен турмушка чыкканыма 3 жыл болду, балалуу боло элекпиз. Күйөөм жалкоо, намыстанбайт продукты жоок калды эмне жейт деп аракет кылбайт, шүгүр де да деп. Балалуу болсок кантип багат деп ойлоно берем. Квартирада турабыз, кварплата деле 4000, свет ичинде ошону да таба албайт. Балалуу бололу деп аракет кылып больницага да көргөзбөдү. Балаң жоок болсо өзүн иштебейсинби дешиниздер мүмкүн, иштеп да көрдүм тескерисинче мага жөлөнүп алды. 

Иште деп айтсам үйдө уруш чыгат, кыялы оор. Алдап айтайын деп жакшы отурганда айтам да. Мени урушуп салат байга тийем деп мага тийип алгансын деп. Мен колунда жок экенин билип эле тийгем, баарына экөөбүз жетебиз деген ойдочу. Бир иштин аягына чыкпайт, урушсак эле кет дей берет. Аял алып аягына чыкпай, башкасын баштай берсе болот деп ойлойт окшойт жумуштай көрүп. Ачыгын айтсам төшөктө слабый, 25 жашта. Акымды бербейсин деп айтсам, төрөсөң беремби дейт, жөн эле берекесин кетире беремби деп. Төшөк нерсе сыр бойдон калыш керек эмне ачыктап дешиниздер мүмкүн, группада мен жазып жатканымды админден башка эч ким билбейт да, аял болгондон кийин каалайт экенсин. 

Кол көтөрөт, мен эмне үчүн жашашымды билбей калдым, бага албаса же төшөктө жок болсо. Бир төшөктө эле жатканыбыз болбосо 10 күндөп жүрө берет. Таакыр түшүнбөйм. Башкасы бар дейин десем, андай эмес. Чөйрөсү ушундай жалкоо бирок меники алардан да өтөт. Келечегимди көрө албайм. Айтсам эле 15 жылдап жүргөн жокпузго дейт. 15 жылды күтпөй эмитеден аракет кылса болотко, сүйрөп жашап кетейин дейм, иштеп калсам да иштесен милдет кылба дейт. Мен кварплата төлөп, продуктыга акча таап жатканда ал да жанталашып иштеп бир нерсе кылса болотко туурабы?

 Эжекелер эмне кылсам? Балалуу болсо иштеп аракет кылат дейин десем балалуу достору деле иштебей ачка таштап койушат, аялдары төркүнүнөн алышат экен. Балалуу болгонго аракет кылбаса менин кимден боюмда болот?Аракет кылалы десем элдики бир жатканда эле болуп калат экен дейт🤐. Балам менен кийин кыйналып калгым келбей жатат. Үйлүү болуп алсак өзүм эле багып кетмекмин ошого да аракети жоок болуп жатат да.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?