Саламатсызбы менин катымды чыгарып беринизчи машенниктерге алданып багымды мыкчып отурам мага окшоп эч ким алданбасын!
Ватсап Лондондо жашайм деп озунун историясын айтып Amisha Claria Jones деген аял жазып калды Рак болуп ооруп атам эч кимим жок наследствомду сага которойун 2.000000$ деп. Мен ишенген жокмун бирок күндө жазат экөөбүз жакшы сүйлөшүп анан бир күнү менин болгон данныйларымды сурап акчаны банк мн которгонго болбойт көп акча TNT EXPRESS деген доставка бар деп полный видео отчёт, номер накладной баарын жиберди. Мен ишенип миллионер болуп элдин баарына жардам берем деп планды түзүп алып күтүп атсам. Бир күнү TNT EXPRESS жазды ваш груз удерживается в аэропорту Турции страховка жасаш керек ошого 750$котор деп анысы сом менен 60000экен бирөөдөн карыз алып которсом 2 күндөн кийин жазды.
Антитеррористической и антинаркотический сертификат сурап атат ошого акча котор 1970$деп мен акчам жок десем эптеп таап которо бер посылкан барса кутуласында десе 200.000кредит алып аны котордум. Эртеси даагы проблема болуп атат 6300 керек болуп атат дегенде подозревать этип ызылдап чыктым интернеттен карап Кыргызстандагы TNT EXPRESS офисине чалсам алар мошенниктер посылка эч качан аэропортто кармалбайт деди.
Башым тегеренип не кылаарымды билбей эле отуруп калдым анан тиги аялга жазсам мойнуна албай 6300$ которсоң посылкаң жетет деп кайра мени коркута баштады. Банктан которгон квитанция, переписка доказательства бар кантип тапса болот ошол машенниктерди? Өзүбүз айына 30.000кредит төкчүбүз эми 16000кошулду 46000ди кантип төлөйм. Өзүм үйдө Отурам балдарым кичине, күйөөм стройкада иштейт квартирада турабыз. Ошол акчага өзүбүзгө бир нерсе алсак эмне! Айтаарым эч кимге ишенбениздер, ушунчалык алдашат экен ишендирип.


Отправить комментарий