Баарынарга салам, менин көйгөйүм баягы эле үй бүлөөлүк маселе.
Күйөөм бирөө менен жүрүп кетип, аны мен билип калып , ал болсо экөөбүз жашай албайт окшойбуз, деп мага, мен анда макул, жашай албасан , жакшы көрбөсөң кете бер, кийимдеринди алып, мен калам үйдө балдар менен десем. Мен үйдү сатып жарымына квартира алып берем; жарымын карызымды төлөйм дейт, сен ага чейин квга чыгып тур деп.
Мен чыкпайм, сата бер десем болбойт. Ошентип жүрүп бир ай өттү. Дагы уруштук . Ошонуңду жакшы көрсөң кете бер да, жаңы башта баарын десем, ал мындай эле временные утехи дейт уялбай. Мен сага талак берелекмин деп. Эми болсо эч нерсе болбогондой эле жүрөт. Мен болсо кылыктарын эстеп алып жек көрөм. Сууп калдым. Кантип мындан ары жашайм. 3 балабыз бар. Үйдө соседдердей эле болуп калдык. Сүйлөгүм келбейт менин эмнегедир, ошол эле убакта бир нерсе кармап тургандай. Силердин оюнар кандай? Эмне кылмак эленер силер( башынарга түшпөсүн).


Отправить комментарий