Жакында келин алдык той менен эки кызы бар болчу.
Адамдыкка салып апам койо тур карап байкап ал дегенине карабай суйом ,олом деп алды.Интернеттен таанышыптыр иним келин менен.Мен только тойдо эле кордум.Той отту бактылуу жашап атты,апам келин конуп кетсин деп аралашпайт иштейт апам.Азыр баары келин милдетуу эмес дешинер мумкун,бирок келин болуш эч качан оной эмес.Менда келинмин менда эптеп кеттим кыйын кундор откон.Келин сулуу жакшынакай,бир айдан кийин иниме тур коргозо баштаптыр.Кааласа тамак кылат, каалабаса эптеп чайханага баралы дей берет экен.
Кичине иним тамак кылып койот.Апам, келин тамак кыл эртереек тур деп койсо былтындап комнатасынан чыккан жок дейт бир кун.Анан Москвага кетебиз иштейбиз деп чыкты апам жонотту экоону.Барып ичим ооруп атат,башым ооруп атат деп ишке да барбай койду эле иштен чыгарып салыптыр.Апам сенин уйуно барат тосуп ал деп чалды Келип эже иш табын бекер отурбай иштеп турайын дегенинен жаныма киргиздим.Бир кун иштеп башым ооруп атат, аба жетпей атат дей бергенинен уйго бар балеене калбайын деп жоноттум.
Иштей турган туру жок.Чынын айтсам телефондо кечке отурат экен.Иним иштен келет кадимкидей чай ичебиз кирип кетишет.Жаш деп унчукпайм.Иним айлыгын алыптыр мага кийим телефон алып берин деп жаман ойдо жок барып алып бериптир.Анан эки кун болуп калды эшикке чыгып келем деп кетти мага.Анан эле иним:"Сиз менен жашабайм,менин башка жигитим бар, издебен мени"- деп заблок кылып телефонун такыр албай койду.Мен чалдым апам чалды такыр албайт.Иним келди жашагысы жок чалбан деди дейт.
Чынын айтсам ою бузук кыздар неге алдайт жигити бар болсо? Той ресторан баары болду.болду,жигити бар болсо эмнеге тиет? Не кылышты билбей апама айттым туну чыгып кетип жашабайм дептир апа десем атасына чыгып кызынар жок ушинтип айтып атат десе атасы куйоо балага созум жок кызымы озум олтуром келбесин деп атат.Тынч салып ием кел десемда албайт телефонун когоруп.Кандай ниет менен келин алабыз не деген заман? Тан аткыча уктабадым,не кылсак ? Не максат мен тушунбойм.Бул кыз той учун эле тийгенби? Ким болду эле ушундай ситуацияда? Бир тууганымын жашоосу ушинткенине менда конулум ачылбай атат


Отправить комментарий