Саламатсыздарбы, мен азыр менин эле эмес көпчүлүк кыз-келиндердин турмушуна кедергисин тийгизип жаткан коомдогу бир көрүнүш боюнча кайрылып жатам.
Турмуштан жолум болбой, жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Өзүм шаардагы кеңселердин биринде иштейм. Мурдараак унаа менен жол кырсыгына кабылып, андан кийин да кыйнала бергендиктен үйдөгүлөрдүн айтуусу менен Кудайга жалынып намаз окуп баштагам.Күнүгө багымдат жана куптан намаздарын окуп, жаратканга шүгүр келтирип турам. Ошентип жүрүп эле менин жашоомдо бир жигит пайда болду. Ал да дин жолунда, беш маал намаз окуйт экен. Кадимкидей даават айтып, эки сөзүнүн бири эле "шүгүр", "тооба" дегенинен ишенип жүргөм. Курулуш материалдары боюнча чакан бизнеси да бар экен.
Айтымында, аялы менен кайын журту жаман чыгып, жубайынан аябай көңүлү калыптыр. Үйүнө баргысы келбей эле жумушунда түнөп же мейманканаларда жатып жүрдү. Келинчеги менен ортодогу балдары үчүн эле сүйлөшөм дечү. Ошентип сүйлөшүп жүрдүм.Байкасам, мен да ага көнүп баратам.
Ошентип колумду сурады. Бирок "ата-энемди жибере албайм азыр, алгач мындай эле мечиттен нике кыйдырып жашап туралы. Кийин аялым менен ажырашып анан ата-энемдин алдына алып барам" дегенинен шектене баштадым. Мен да ошол жагына басым жасап "ата-энең келсин" деп туруп алгам. Кызык ошол жерден башталды.
Мен "ата-энең келсин же аялыңдын номерин бер" деген сайын өзүнөн-өзү актанып жатып ар кайсы калпы чыгып калып жатты.Бир күнү таанышыма жолугуп калып, мени алмакчы болгон адамдын турмушу тууралуу четин чыгарсам, ал оозумду ачырды. Көрсө жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Заңгырагын үйү бар, аялына тигүү цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну айтсам мойнуна албай койду.Анын бул кадамына эмне себеп болгонун түшүнбодум. Өзү дин жолундагы адам, турмуш куруу ою болсо баарын ачык айтып, таза кадам менен баштаса болмок.Бир чети алданып калбай, "кудай сактады" деп отурам.Анткени азыр намаз окуганына ишенип, ушинтип машинадан же мечиттен эле нике кыйдырып алып жашап, кийин төрөп алгандан кийин талаада калган кыз-келиндер азыр көп. Алар же балдарына алимент ала албай, ортодо калышкан. Кризистик борборлорго ушундай кыз-келиндер коп кайрылышат экен


Отправить комментарий