ажырашуу

Турмушка чыгайын десем балдарым каршы...


 

Саламатсыздарбы, менин постум сиздерге анчейин маанилуу болбошу мумкун ушу да проблемабы деп...

 Мен 37ге чыгам. Уч балам (уул) менен 10 жылдан бери жалгыз жашайм. Кудайга шугур балдарым акылдуу, ыймандуу балдар болуп чоноюшту. Кыйынчылык көргөн жокпуз, балдардын атасы жардам берип тымбай кабар алып турду ашыгы менен.(Күнөө өзүнөн кеткен үчүн моюнуна алып балдардын астында болгон катасын жууганга аракет кылат.) Атасы м/н дос- тааныштай эле современный сүйлөшөбүз жолугушабыз, бирок кайра жашоо тууралуу эч сөз козгобойбуз, ошентип сүйлөшкөнбүз .( Анын өзүнүн үй бүлөөсү, 3 баласы бар уже).

Улам жаш өтүп балдар чоңойгон сайын жалгыздыкты сезе баштадым. Улуу балам мектепти бутуп өзү м/н өзү.
Эркектер сырткы тон дегендей эле, балдарым апалаган м/н менин ички туюмумду терен түшүнө беришпейт.
Шаарда үйүм жайым, машинам, жумушум бар. Бир гана көңүлүмдү жубатаар,чарчаганда жакшы созун арнап турчу шеригим жок.☹️🥺 Он жылдын ичинде болгон 1-2 эркектер жон эле убактылуу болгон экен.10 жыл кантип отуп кеткенин деле билбей калдым. Тууган -урук,дос тааныштарым баары турмушка чык дешет. Бир туугандарым апамдар, даже балдардын атасы да турмушка чыгып ал жалгыз болбой дейт. Бир гана уч балам каршы, мен турмушка чыгайынбы деп акырын сурасам үчөө тең таарынып, капа болуп биз сизге кимбиз анда дешет. Жаш түшүнүшпөйт да али дейин десен баарын түшүнүп көрүп турушат. Чын эле балдарым м/н эле тынч жашап ушулардын узурун көрүп жашаганым жакшыбы деп да кетем, күйөөгө тийип заново баарын баштабай. Мени түшүнгөн жакшы адамдар азыр аз андайларды коё бербейт аялдар. А балким чыгып калаар бир жерлерде адашып жүргөн жакшы адамдар... Азыркы эркектер (кээ бири, баары эмес!) альфонс болуп калышканбы? Балдарым бар экенине карабай үстүмө кирип алганга даяр болуп калган бир эркектен аран кутулгам. Балдар чоноёт өздөрү м/н болуп кетет, экөөбүз калабыз дегенде оозуман сөзүм түшүп калган.😒 Ошондон кийин корком. Бара- бара карышкыр да болуп калат экенсин. Азыр ижарада турам уч балам менен, өзүм каржылайм балдарымды десем айланып качат го өздөрү.😁 Жакшы негатив менен, сиздердин ар бир кенешиниздер мен үчүн маанилүү. ❤️🌹
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?