23 жаштамын. Студентмин.
Сабактан кийин шаардагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп
иштейм. Айылга баргым келбейт. Барсам да көпкө турбай кайра жөнөйм. Себеби, кичинемде
апам катуу таарынткан.
Арадан канча жыл өттү. Ошол күндү дале унуталбайм. Кээде түшүмө чейин кирет, чочуп ойгоном. “Апа, эмнеге ошенттиңиз эле”, – деп, апама да ачык айталбайм. Түнтмүн. Өзүмдү-өзүм
жеп жашап келем.
Он жашта болчумун. Курбу кыздарымдан эрте жетилдим. Төшүм чыгып, бетимди безетки баса баштады. Классташтарымдын шылдыңдаганы аз келгенсип, үйдөн апам жемелечү болду.
Апамдын бир туугандары жок, жылгыз кыз. Турмушка он жети жашында чыгыптыр. Билим
албаганы кадимкидей билинип турат.
Бюстгальтер тагынышым керек болуп калды. Апам баарын көрүп турду. Бирок алып берген
жок. Майкамды катуу тартып кийип, кээде жоолук таңып алчумун. Төшүмдү жашырыш үчүн
бүкүрөйүп жүрөт элем.
Түн. Заара ушатып алдымбы? Чочуп ойгондум. Шейшеп суу. Караңгыдан эч нерсе көрүнбөйт. Кармалап жыттап көрсөм кан. Чуркап барып жарыкты күйгүздүм. Жыныс мүчөмдөн кан агып
жатыптыр.
“Апаа!”, коркуп чаңырдым. Жердин баары кан. Апам чуркап келди. Жыныс мүчөмдү кармап турган мени көрүп, жаактан ары бир чапты. “Ким менен жаттың?”, – деп, сабап кирди. Же сүйлөй
алсамчы. “Эч ким”,-десем, калп айтып жатканымды айтып дагы урду. Эртеси
бейтапканага сүйрөп алып барды.
Башым айланып жатты. Кабинеттеги “Гинеколог” деген жазууну тиктеп отурдум. Апам мени
алып кирди. Кебетемди көргөн дарыгер эже апамды акшыя карады. Столго жаткызып
текшерди. Жыныс мүчөм дагы эле канап жаткан (менструация экенин кийин билдим).
Дарыгер эже апама бир нерселерди айтып жатты. Уккан жокмун. Эсимди жоготуп кулап
түштүм.
Ошол күндөн бери баягы шайыр мүнөзүм жоголду. Эч кимге кошулгум келбей калды. Жалгыз
жүрүп окууну бүттүм. Апаман алыс жашагым келип, тырышып окудум. Бюджетке өтүп шаарга
кетип калдым.
Апам азыр карып калды. Тартылып кам көрөйүн дейм, бирок ичимден бир нерсе кармап турат. Этек кирим келген сайын ошол коркунучтуу түндү эстеп ыйлайм. Эмнеге апам андай кылды?
Апамды кантип кечирсем болот?


Отправить комментарий