Саламатсыздарбы айымдар. Мен сиздерден кеңеш суроону туура көрдүм.
Менин жашым 27 де. 4 баланын энесимин. Жолдошум азыркы учурда Москвада иштеп жүрөт, 5 ай болуп калды кеткенине. А мен балдарым менен айылдамын. Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан кайнене-кайнатанын колундабыз. Акыркы бир жумадан бери кайнатам мага болгон мамилеси өзгөрүп калгандай. Кайнатам жашы 65те. Көп ичет. Ичип келген күндөрү менин жакшы көргөн келиним деп чекемден өөп койчу мурун. Акыркы күндөрү оозумдан соруп алчуу болду. Масда деп көп көңүл бурбайт элем. Бүгүн соо, жакшынакай эле жүрүп, кир жууп жаткан жеримден моюнумду бурап дагы ошонтти. Эмне кылышымды билбей калдым. Же сиздерде дагы ошондой учурлар боло береби. Мен мурун кайната келиндин ортосунда мындай нерсени көргөн эмесмин. Эмне кылсам жолдошума айтсам кайра мени тилдейтго деп отурам.


Отправить комментарий